Эмдөө пункттарынын даректерин "2ГИС" аркылуу картадан табуу мүмкүнчүлүгү ишке ашырылды
Новость www

Жарандарга санариптик каражаттарды ыңгайлаштыруу жана жеткиликтүү маалымат алуу максатында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эмдөө пункттарын "2ГИС" тиркемесинде - интерактивдүү картадан табуу мүмкүнчүлүгүн ишке ашырды. 

Республикалык штабдан билдиришкендей, тиркеменин жардамы менен жарандар эмдөө пункттарынын даректерин, иштөө графигин жана белгилүү пункттардын байланыш номерлерин билип, жакын жерде жайгашкан эмдөө пунктуна чейинки жолду биле алышат. Сервисте COVID-19га каршы эмдөө алуу үчүн электрондук каттоо баракчасына өтүү мүмкүнчүлүгү ишке кирген.