Кыргызстанда эмдөө компаниясы башталгандан бери вируска каршы жалпы 431 миңден ашык адам вакцина алды. Ал эми толук эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 115 миң. Министрлик күзгө чейин калктын 70 пайызын эмдеп, жамааттык иммунитет жаратууну көздөөдө. Бүгүнкү күндө Азербайжандын элчилигине түшкөн “AstraZeneca” вакцинасы менен 1 миң 258 киши эмделди. Адистердин айтымында, бул препарат жыл башынан бери дүйнө жүзү боюнча колдонулуп келет. Ал өзгөчө кырдаалдар учурунда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун шашылыш түрдө колдонуу үчүн тизмесине киргизилген.
Вакцина дүйнө жүзүндө пандемияны жеңүүгө жол ачты. Эмдөө жолу менен гана вирустун мындан ары жайылышына бөгөт коюлууда. Алсак, дүйнө жүзүндө коронавируска каршы 4 миллиардга жакын адам вакцина алды. Ал эми Кыргызстанда эмдөө компаниясы апрель айынан бери жүрүп жатат. Бул аралыкта жалпы 413 миң 140 адам вакцина алды. Ал эми толук эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 115миңге чукулдады.
Ушул тапта “Синофарм”, “Спутник В” вакциналарынан тышкары швеция-британиялык өндүрүшүнөн чыккан “AstraZeneca” препараты менен эмдөө жүргүзүлүүдө. Адистер “AstraZeneca” вакцинасы үч баскычтагы сыноонун негиздинде SARS-CoV-2 симптоматикалык инфекциясына каршы 70%га натыйжалуу-дешет.
Кыргызстанда AstraZeneca вакцинасын 1258 адам алды. Ал эми башка чет өлкөлөрдө бул вакцинаны канча адам алды. Статистикалык маалыматка токтолсок.
Кыргызстанда - 1285
Германияда - 12 млн
Италияда - 11 млн;
Испанияда - 9 млн;
Францияда - 7 млн;
Нидерланды - 2 млн;
Украинада - 1 млн 400 адам;
Австрияда - 1 млн 500 адам.
Өлкөдө эпидемиологиялык абал дагы дале жакшыра элек. Соңку бир түндө коронавирус 958 адамдан табылып, дагы 10 бейтап кайтыш болду. Аймактар боюнча алганда Ысык-Көл облусунда эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Буга жайдын аптаптуу күндөрүндө көлгө агылган эс алуучулардын көптүгү себеп.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги күзгө чейин элдин 70 пайызын эмдөөнү көздөөдө. Себеби, калктын басымдуу бөлүгүнүн организминде вируска каршы туруштук берүүчү зат пайда болгондо жамааттык иммунитет жаралат. Ошондо гана вирустун жайылышы басаңдап, калктын ден соолугуна болгон коркунуч жоюлат.