COVID-19: Республикалык штабдын 30-июль, саат 08:00гө карата бош орундар боюнча маалыматты
Новость www

COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб 30-июль, саат 08:00гө карата бош орундар боюнча маалымат берди. 

Маалыматка ылайык, Бишкекте жалпы 770 бош орун бар. Улуттук хирургия борборунда – 17, Улуттук физиатрия борборунда – 3, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада – 33, №2 Клиникалык төрөт үйүндө – 26, №1 шаардык клиникалык ооруканада – 40, №6 шаардык клиникалык ооруканада – 12, Улуттук кардиология жана терапия борборунда – 10, Чүй облустук бириктирилген ооруканада – 19, Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн – 40, Улуттук онкология жана гематология борборунда – 39, Улуттук госпиталь: Урология корпусунда – 27, Улуттук госпиталдын мобилдик госпиталында – 28, Республикалык наркология борборунда – 30, Аскер госпиталында – 14, Курортология жана калыбына келтирүү институтунда – 199, Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде – 137, Улуттук госпиталь: Нейрокорпусунда – 59, Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда – 30, КММА фтизиатрия борборунда – 7 орун бар.