Өлкөдө 30-июлга карата коронавирус дагы 958 адамдан аныкталып, 10 бейтап каза болду
Новость www

Кыргызстанда 30-июлга карата коронавирус дагы 958 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 574, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 128, Ош облусунда – 26, Талас облусунда – 13, Нарын облусунда – 24, Ысык-Көл облусунда – 52, Жалал-Абад облусунда – 78, Баткен облусунда – 57 адамдан илдет табылган. "Ал эми бир суткада 1 миң 485 адам илдеттен сакайды", - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө. 

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 10 бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 888 бейтап, амбулатордук түрдө 11 миң 483 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 161 миң 973 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 142 миң 984 киши айыгып чыкса, 2 миң 311 адам каза болду.