Кыргызстанда 28-июлга карата коронавирус дагы 996 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 603, Ош шаарында –9, Чүй облусунда – 126, Ош облусунда – 26, Талас облусунда – 12, Нарын облусунда – 14, Ысык-Көл облусунда – 56, Жалал-Абад облусунда – 92, Баткен облусунда – 58 адамдан илдет табылган. "Ал эми бир суткада 1 миң 723 адам илдеттен сакайды", - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 13 бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 928 бейтап, амбулатордук түрдө 12 миң 528 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 160 миң 85 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 140 миң 39 киши айыгып чыкса, 2 миң 288 адам каза болду.