2020-жылдын март айынан бери балдар арасында COVID-19 менен ооруп, республиканын стационарларынан дарыланып чыккан 2 миң 94 бала катталган. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башкы дарыгери Айна Жетыбаева билдирди.
Ооругандардын жаш-курагы боюнча, 1 жашка чейин – 311 бала, 1 жаштан 4 жашка чейин – 624, 5 жаштан 15 жашка чейин – 759, 16-18 жаштагылар – 400 болду. Оордугуна жараша орточо оор абалда - 24,5%, оор абалда - 16,5%, өтө оор абалда - 1,7% түзүп, 6 бала чарчап калган.