Кыргызстанда өткөн суткада 15 529 адам коронавируска каршы эмделди
Новость

Кыргызстанда өткөн суткада 15 миң 529 адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, вакцинанын биринчи дозасын 13 миң 682, экинчи дозасын 1 миң 847 адам алды. Өлкө боюнча вакцинанын биринчи дозасы 366 миң 559, экинчи дозасы 109 миң 673 кишиге сайылды.