COVID-19га каршы эмдөө боюнча сертификатты эми жарандар коопсуз жана онлайн режиминде ала алышат. Санарип ыкмалар аркылуу мындай жол-жобону үйдө отуруп да ишке ашырса болот. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги электрондук документти алуу тартибин жарандар үчүн жөнөкөйлөштүрүп жана тез арада аткарууга ылайыктаган.