Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 352 миң адам алды. Ал эми акыркы бир суткада 4 миң 469 адам эмделди. Учурда жарандардын ыңгайлуугу үчүн эмдөө пунктары көбөйтүлүүдө. Ушул тапта республика боюнча 914 убактылуу эмдөө борбору иштеп жатат. Алар эртең мененки саат сегиден кечки он бирге чейин бейтаптарды кабыл алат. Айрымдары күнү-түнү иштөөдө.