Кыргызстанда 26-июлга карата коронавирус дагы 973 кишиден аныкталды.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 637, Ош шаарында – 23, Чүй облусунда – 72, Ош облусунда – 12, Талас облусунда – 18, Нарын облусунда – 18, Ысык-Көл облусунда – 39, Жалал-Абад облусунда – 92, Баткен облусунда – 62 адамдан илдет табылды.
Бир түндө вирустан 12 бейтап каза болду. Каза болгондор Бишкек менен Чүй облусунун тургундары. Ошондой эле бир суткада 1 миң 568 адам илдеттен сакайды. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 187 бейтап, амбулатордук түрдө 13 миң 691 адам дарыланууда. Пандемия башталгандан бери республика боюнча 158 миң 120 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 136 миң 700 киши айыгып чыкса, 2 миң 261 адам каза болду.