Кыргызстанда сутка ичинде коронавируска каршы вакцинаны 20 миң 631 адам алды.
Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 18 миң 436сы биринчи дозаны, 2 миң 195и экинчи дозаны алган. Жалпы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 1-доза – 336 миң 732, 2-дозаны – 106 миң 238 киши алды.
Эскерте кетсек, Президент Садыр Жапаров, 23-июлда жакын арада “Синофарм” вакцинасынан 1 млн 250 миң доза кошумча партия сатылып алынарын белгиледи.