Кыргызстанда 23-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 127 адамдан аныкталды
Новость

Кыргызстанда 23-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 127 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди. 

Анын айтымында, Бишкек шаарында - 678, Ош шаарында - 22, Чүй облусунда - 134, Ош облусунда - 37, Талас облусунда - 7, Нарын облусунда - 19, Ысык-Көл облусунда - 54, Жалал-Абад облусунда - 94, Баткен облусунда - 82 адамдан илдет табылган. Ал эми бир суткада 1 миң 396 адам илдеттен сакайды. Сутка ичинде илдеттен Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 2, Талас облусунда 2, Жалал-Абад облусунда бир бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 229 бейтап, амбулатордук түрдө 15 миң 845 адам дарыланууда. 

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 28 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 155 миң 5 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 132 миң 138 киши айыгып чыкса, 2 миң 217 адам каза болду.