Эмдөө менен коронавирустун таралышына бөгөт коюлууда
Новость

Вакцина дүйнө жүзүндө пандемияны жеңүүгө чоң жол ачты. Эмдөө менен коронавирустун таралышына бөгөт коюлууда. Мисалы, Израилде калктын 97 пайызы эмделип, жамааттык иммунитет пайда болгон.

Кыргызстанда марттын аягынан бери Россиянын SPUTNIK-V, Кытайдын Синофарм вакцияналары 18 жаштан жогору жарандарга колдонулуп жатат. Ал эми, Балдарга, боюнда барларга, бала эмизген айымдарга сайылган жок. Себеби, алар үчүн илимий изилдөө жүргүзүлө элек. Бирок, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кош бойлуу аялдар ооруну оор көтөргөндүктөн эмдөөдөн өтүүлөрүн сунушташкан.

Адистер вакцинанын 2 дозасын тең алуу керектигин белгилешүүдө. Биринчисинде гуморалдык иммунитет гана өрчүп, ал 2-3 айга гана жетет. Антитело туруктуу болушу үчүн экинчи доза берилет.

Дарыланып жаткан жарандар эмделбейт. Алар сакайган мезгилден 4 жума өткөн соң гана вакцина алуулары мүмкүн. Курч же өнөкөт оорулары күчөп турган жарандар дагы дарыгерлердин сунушу менен айыккандан кийин эмделишет.

Салматтык жана социалдык өнүктүрүү министрлиги күзгө чейин элдин 70 пайызын эмдеп, жамааттык иммунитет жаратууну көздөөдө. Себеби, калктын басымдуу бөлүгүндө вируска каршы туруштук берүүчү зат пайда болгондо жамааттык иммунитет жаралат. Ошондо гана вирустун жайылышы басаңдап, калкка болгон коркунуч жоюлат.