Кыргызстандыктар AstraZeneca вакцинасы менен эмделсе болот
Новость


Эми кыргызстандыктар AstraZeneca вакцинасы менен эмделсе болот. Учурда өлкөдө вакцинанын Азербайжандан гуманитардык жардам катары келген 40 миң дозасы бар. Ал аймактарга бөлүндү. Анын 20 миң дозасы Бишкек шаары менен Чүй облусундагы эмдөө пунктарына таратылды.