Саламаттык сактоо министрлиги: өлкө боюнча 400 миң адам эмделген
Новость

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын эки компонентин 100 миңден ашык адам алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, жалпы жонунан 400 миң адам эмделген. Бул сан бизди жамааттык иммунитетке жетүүгө, бардык аймактарды жашыл зонага киргизип кадимки жашоого өтүүгө жакындатууда. Министрлик жарандарды вакцина алууга чакырып,коомдук жайларда аралыкты сактоону суранды.