COVID-19: Кыргызстанда 22-июлга карата дагы 1 169 адамдан аныкталды
Новость

Кыргызстанда 22-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 169 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди. 

Анын айтымында, Бишкек шаарында – 760, Ош шаарында – 13,Чүй облусунда – 132, Ош облусунда – 31, Талас облусунда – 12, Нарын облусунда –17, Ысык-Көл облусунда – 52, Жалал-Абад облусунда – 76, Баткен облусунда – 76 адамдан вирус табылган. Ал эми бир суткада 1 миң 837 адам илдеттен сакайды.Сутка ичинде COVID-19 инфекциясынан Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 4, Нарын жана Баткен облустарында бирден бейтап каза болгон. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 356 бейтап, амбулатордук түрдө 16 миң 9 адам дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 29 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 153 миң 878 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 130 миң 742 киши айыгып чыкса, 2 миң 217 адам каза болду.