Баш калаада COVID-19га каршы 57 миң 722 адам эмделди. Мунун ичинен экинчи дозаны алгандардын саны - 30 миң 27.
Бул тууралуу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси Бурул Асылбекова билдирди. Анын айтымында шаардыктар көбүнчө “Синофарм” менен “Спутник V” вакцинасын алууну каалашат. Бишкек шаарына Кытай жана Россия өндүрүшүнө таандык 287 миң 800 доза вакцина бөлүнгөн. Спутникти - 30 миң 307, мунун ичинен экинчи компонентин - 15 миң 61 адам алды. Белгилей кетсек, ордо калаада 46 убактылуу эмдөө пункту ачылган. №5, 1, 3, 7, 15 бейтапканасындагы пункттар күнү-түнү иштейт.