Жыл башынан бери пневмония менен ооругандардын саны 16 миңден ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,3% га көп. Министрликтен билдиргендей, акыркы бир түндө коронавирус 1 миң 102 адамдан табылып, дагы тогуз бейтап каза болду. Ал ортодо адистер кант диабетинин биринчи жана экинчи тиби менен ооругандарда коронавирус инфекциясынын күчөп кетүү тобокелдиги абдан жогору экенин жана коронавируска каршы эмделсе болоорун билдирди. Бирок бул топтогу адамдар дарыгердин көзөмөлүндө болушу абзел.
Июль айынан бери коронавирустун кесепетинен күн сайын ондон кем эмес адам өмүрү менен кош айтышууда. Бир күндүн ичинде эле вирустан каза болгон тогуз жарандын бешөө Бишкек шаарынын, үчөө Чүй өрөөнүнүн, дагы бири Нарын облусунун тургуну болгон. Ушул тапта кайтыш болгондордун жалпы саны эки миң 205ке жетти.
Кыргызстанда 21-июлга карата коронавирус 1 миң 102 адамдан аныкталды. Бүгүнкү күндө амбулатордук түрдө 15 миң 856 адам, стационарларда 4 миң 509 бейтап дарыланууда. Алардын 35инин абалы - канааттандырарлык, 2 937 бейтап - орто оор, 1 305 адам оор абалда, 232 кишинин абалы өтө оор. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 152 миң 709 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 128 миң 905 киши айыгып чыкты.
Адистердин айтымында, кант диабетинин биринчи жана экинчи тиби менен ооруган бейтаптарда башкаларга караганда коронавирус инфекциясынын күчөп кетүү тобокелдиги абдан жогору. Андыктан кант диабети бар адамдардын коронавируска каршы эмделгени туура. Бирок дарыгер бейтапты текшергенден кийин гана вакцина алуусуна уруксат берилет.
Кант диабети бар адам үчүн эмдөөнүн жалпы каршы көрсөтмөлөрүн жана артыкчылыктуу тобун тизмектеп берсек.
Алар:
· кан тамырларында көйгөйү бар бейтаптар;
· жүрөк-кан тамырларында коморбид диагнозу бар бейтаптар;
· 5-стадиядагы бөйрөк оорусу жана ага каршы терапия албаган бейтаптар;
· диализдеги бейтаптар;
· бөйрөгү трансплантация болгон бейтаптар вакцина ала алышат
Ал эми төмөнкү учурларда вакцина алууга болбойт:
· вакцина компоненттерине жогорку сезимталдык;
· оор аллергиялык реакциялар;
· эмдөөдөн кийинки оорунун күчөп кетиши (анафилактикалык шок, аллергиялык реакциялар, тырышуу синдрому, дене табынын 40 градуска чейин көтөрүлүшү);
· оорулардын күчөшү;
· кош бойлуулук жана эмчек эмизүү мезгили;
· 18 жашка чейинкилер
Кошумча каршы көрсөтмөлөр:
• кант диабетинин күчөп кетиши;
• декомпенсация учурундагы этияттык;
• COVID-19 менен жакын арада ооруп, айыккандар.
Белгилей кетсек, эмдөөдөн кийин деле коронавирус инфекциясын кайрадан жуктуруп алууга мүмкүн. Ошондой эле кант диабети бар бейтаптар коомдук жайларда бардык тийиштүү нормаларды сактоо жоопкерчилигин билүүсү керек.