Өлкөдө коронавируска байланыштуу түзүлгөн кырдаал курч бойдон сакталып келүүдө. Мындай абал бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүндө байкалууда. Ал ортодо вирустун жаңы штаммдарынын мурда байкалбаган белгилери аныкталганы айтылды. Андыктан дарыгерлер вирустун тез жайылышынын алдын алып, адамдын организми илдетке туруштук бериши үчүн эмдөөдөн өтүүгө чакырууда.