COVID-19: Өткөн суткада 10 киши каза болуп, 1 291 киши оору жуктуруп алган
Новость

Өткөн суткада коронавирустан 1 миң 242 адам сакайса, 1 миң 291 киши оору жуктуруп алганын Республикалык штаб кабарлады. 

Штабдын маалыматы боюнча 10 киши каза болгон. Анын алтоо Бишкекте болсо, экөө Чүйдө, бир киши Таласта, дагы бирөө Баткенде дарыланып жаткан. Ушуну менен 2 миң 196 киши оорунун курмандыгы болду. Стационарда 4 миң 552 бейтап дарыланууда. Анын 66сынын абалы канааттандырарлык, 2 миң 919 бейтап орто оор, 1 миң 345 киши оор, 222 бейтап өтө оор абалда. Бир суткада 19 медиктен коронавирус чыкты. Белгилей кетсек, былтыр марттан бери оору жуктуруп алгандардын жалпы саны 151 миң 607 адам болду.