Коронавирустан жабыркагандар күн санап көбөйүүдө. Бүгүн да илдет жуктургандар миңден ашты. Дарыгерлер ар бир адамды өзүнүн жана жакындарынын ден соолугу үчүн кайдыгер карабай, эмдөөдөн өтүүгө чакырууда. Илдет Кыргызстанда эле эмес, Европа өлкөлөрүндө да кайрадан күч алды. Буга байланыштуу айрым өлкөлөр коронавируска каршы катаал чараларга кайтууда.
Акыркы 24 сааттын ичинде эле өлкө боюнча коронавирус 1 миң 287 адамдан табылды. Анын 900дөн ашыгы Бишкекте катталса, 117си Баткенде. Муну менен вирус жуктургандардын жалпы саны 150 миңден ашты.