Ордо калаада саат 12:00гө карата коронавируска чалдыккандар үчүн 485 орун бош. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Улуттук хирургия борборунда – 28, инфекциялык ооруканада – 14, №2 төрөт үйүндө - 12, шаардык №1 жана №6 клиникалык ооруканада, улуттук фтизиатрия борбору, КММАнын Фтизиатрия борбору менен улуттук кардиология жана терапия борборунда бош орун жок, Чүй облустук бириктирилген ооруканада – 12, Улуттук госпиталда – 36, улуттук онкология жана гематология борборунда – 43, улуттук госпиталдын урологиялык корпусунда – 7, наркология борборунда – 37, улуттук госпиталдын мобилдик клиникасында – 2, аскердик госпиталда – 20, Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунда – 142, улуттук госпиталдын нейрокорпусунда – 20, Дайыр Асанов атындагы кыргыз улуттук аскер лицейинде – 77, Эне жана баланы коргоо борборунда – 35 орун бар.