Кыргызстанда 19-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 287 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 917, Ош шаарында – 19, Чүй облусунда – 96, Ош облусунда – 11, Талас облусунда – 20, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 48, Жалал-Абад облусунда – 48, Баткен облусунда – 117 адамдан илдет табылган.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 6, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 1, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2 бейтап каза болгон. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 704 бейтап, амбулатордук түрдө 15 миң 353 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 150 миң 316 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 126 миң 450 киши айыгып чыкса, 2 миң 186 адам каза болду.