Соңку бир күндө 21120 адам эмделди
Новость

Акыркы бир суткада республика боюнча  21 120 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Алардын 1 605 экинчи дозаны  алгандар. 

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, эмдөө жараяны башталгандан бери Кыргызстанда 221 817 адам вакцина алды. Белгилей кетсек, өлкөдө эмдөө 29-мартта башталган. 12-июлдан бери жапырт эмдөө жүрүп жатат. Акыркы жолу Кытайдан “Синофарм” вакцинасы 1 млн 250 миң дозада келген. 16-июлда Азербайжандан “АстраЗенека” вакцинасы да келди. Кыргызстандыктарга Орусиянын өндүрүшүндөгү “Спутник Ви” вакцинасы да жетиштүү.