Коронавирустан 10 бейтап көз жумду
Новость

Коронавирустан дагы он киши каза болду, 1373 илдетти жуктуруп алган жаңы учур катталды. Коронавируска каршы штабдын 18-июлга карата берген маалыматы боюнча, 1373 адам вирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Басымдуу бөлүгү борбор калаада. 

Ал эми бир сутка ичинде 1103 адам сакайды. Акыркы суткада коронавирус илдетинин кесепетинен 10 киши көз жумду. Алардын алтоо Бишкекте, экөө Ысык-Көлдө, Баткен жана Нарында бирден адам катталды. Ушуну менен пандемия башталган былтыркы март айынан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 149 029 адамга жетти. Оорудан жалпы 125 161киши сакайып кетти. Илдеттен жалпы 2 175 адам көз жумду.


Ушул тапта стационардык мекемелерде 4 725 адам дарыланууда. 15 753 киши медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Ооруканада жаткандардын ичинен 1473 адамдын абалы оор, 200 адамдын абалы өтө оор деп бааланууда.