Акыркы бир күндө коронавирус дагы 11 кишинин өмүрүн алды. 1 миң 334 адам вирус жуктурду. Илдетке каршы эмдөө башталгандан бери 180 миңге жакын жаран эмделди. Министрликтен билдиргендей, саламаттык сактоо мекемелеринде коронавирус инфекциясын дарылоо үчүн дары-дармектер жетиштүү. “Кызыл тилкеде” иштеген медиктерге июнь айы үчүн 166 млн сомдон ашык каражат бөлүндү.