Олимпиада оюндарынын уюштуруучулары ачылыш аземдеги спортчулардын парадынан баш тартышты
Новость www

Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарынын уюштуруучулары ачылыш аземдеги салтка айланган спортчулардын парадынан баш тартышты. 

Мындай чечим 15-июлда эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бахтын катышуусундагы өкүлчүлүктөрдүн башчыларынын жолугушуусунда кабыл алынгандыгы маалымдалууда. 

Бирок расмий билдирүү азырынча таратыла элек. Белгилей кетсек, Олимпиада оюндары 2021-жылдын 23-июлунан 8-августка чейин Япониянын Токио шаарында өтөт.