Кыргызстанда 16-июлга карата коронавирус дагы 1 334 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.
Ошол эле маалда акыркы бир күндө 1 163 адам илдеттен сакайган.
Сутка ичинде илдеттен 11 бейтап көз жумду, алардын алтоо Бишкекте, Чүй облусунда бир, Жалал-Абад облусунда бир, Талас облусунда 2, бирөө Ысык-Көл облусунда жашачу. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 863 бейтап, амбулатордук түрдө 15 миң 159 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 146 миң 292 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 122 миң 923 киши айыгып чыкса, 2 миң 154 адам каза болду.