Өлкөдө сутка ичинде коронавирустан дагы 10 бейтап каза болду
Новость www

Кыргызстанда 15-июлга карата коронавирус дагы 1 290 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бир күндө илдеттен он бейтап көз жумду. Алардын алтоо Бишкектен, үчөө Чүй облусунан, дагы бир бейтап Жалал-Абад облусунан болгон.

"Ал эми бир суткада 1 миң 290 адам илдеттен сакайды", - дейт ал.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 813 бейтап, амбулатордук түрдө 15 миң 57 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 144 миң 958 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 121 миң 760 киши айыгып чыкса, 2 миң 143 адам каза болду.