Сокулук районунда кечээ сел жүрүп, унаа жолду суу каптады
Новость KTRK/videograp

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда кечээ нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрүп, унаа жолду суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, нөшөрлөгөн жаандан кийин кокту-колоттордон сел агып, Сокулук айылынан Төш-Булак айылына жана Кашка-Суу жайытына баруучу унаа жолдун болжол менен 2-3 чакырым аралыгын суу каптаган. 

Жерине абалды билүү жана тактоо иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин Сокулук райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы барган. “Унаа жолу ачык, жол кыймылына тоскоолдук жараткан жок. 14-июлда Төш-Булак айыл аймагынынан 1 экскаватор тартылып, унаа жолду тазалоо иштерин жүргүздү”, – деп айтылат маалыматта.