Ысык-Көлдө 19 миңден ашуун адам эмделди
Новость

Ысык-Көл облусунда 19 миңден ашуун адам корановируска каршы эмделди. Азыркы тапта дагы 60 миңден ашык вакцина жеткирилип, эмдөө иштери уланууда. Аймакта 170тей эмдөө жайлары иштеп, кошумча Чолпон-Ата жана Каракол шаарларынын базарларында эмдөө жайын ачуу мерчемделип жатат. 

Илдетке каршы аракеттер жүргүзүлгөнү менен орчундуу көйгөйлөр да орун алууда. Айтсак Ак-Суу районундагы жалгыз рентген аппараты иштен чыгып аймактын жашоочулары үчүн кыйынчылыктар түзүлдү.