Учурда өлкөнүн бардык аймагында эмдөө өнөктүгү жүрүүдө
Новость

Акыркы 24 сааттын ичинде өлкө боюнча вируска каршы 11 миң 575 адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен вакцинанын экинчи өлчөмүн 1 миң 673 киши алды. 

Ал эми жалпы эмдөөдөн өткөн жарандардын саны 140 миңден ашты. Эмделгендердин басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунан. Өлкөдө эпидемиологиялык абал көңүл жылатаарлык эмес. Ар бир жаран өзү жана жакындарынын саламаттыгы үчүн жоопкерчиликтүү болуп, эмделүүгө тийиш дешет адистер. Себеби, вирусту алдын алуунун бирден-бир жолу - эмдөө.