COVID-19: Эпидемиологиялык абал курч бойдон
Новость

Кыргызстан COVID-19дун үчүнчү толкунунун жогорку чегине жетти. Эки жуманын ичинде, тагыраагы 1-июлдан баштап коронавирус 18 миң 665 адамдан табылып, 133 бейтап каза тапты.

Статистикага таянсак, өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 143 миңден ашты. Министрликтен билдиргендей, эпидемиологиялык абал курч. Ушул тапта ооруканада төрт миңден ашуун бейтап дарыланып жатса, алардын 228инин абалы өтө оор деп баланууда.