Кыргызстанда вакцина алгандар 141 миңге жетти
Новость

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 140 миң 922 адам алса, экинчи  доза менен 84 миң 147 адам эмделди. 

Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, ушул жылдын март айында Кыргызстанга коронавирус инфекциясына каршы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан жактырылган Sinopharm вакцинасы келип, калкты массалык түрдө эмдөө башталган. Ишенапысова кошумчалагандай, вакцинаны жеткирүү “муздак чынжыр” аркылуу жүргүзүлөт – ар бир этапта температураны кармоо талап кылынат, ал үчүн атайын авторефрижераторлор жана атайын муздаткыч жабдуу колдонулат.

Ошондой эле, облустарга жеткирилген вакциналар +2 +8 С° температурада сакталып, убактылуу эмдөө пункттарына бардык санитардык нормаларды жана талаптарды сактоо менен бөлүштүрүлөт.