Ысык-Көл облусунда он тогуз миңден ашуун адам коронавируска каршы эмделди
Новость

Азыркы тапта дагы алтымыш миңден ашык вакцина жеткирилип, эмдөө иштери уланууда. Аймакта жүз жетимиштей эмдөө жайлары иштеп, кошумча Чолпон-Ата жана Каракол шаарларынын базарларында эмдөө жайын ачуу мерчемделип жатат. 

Илдетке каршы аракеттер жүргүзүлгөнү менен орчундуу көйгөйлөр да орун алууда. Айтсак Ак-Суу районундагы жалгыз рентген аппараты иштен чыгып аймактын жашоочулары үчүн кыйынчылыктар түзүлдү.