Коронавирус өткөн суткада 10 адамдан өмүрүн алды
Новость

Кыргызстанда 14-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 398 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди. 

Вирусту жуктуруп алгандар боюнча Бишкек дагы деле алдыда – 773 бейтап, Ош шаарында – 67, Чүй облусунда – 177, Ош облусунда – 73, Талас облусунда – 11, Нарын облусунда – 15, Ысык-Көл облусунда – 52, Жалал-Абад облусунда – 111, Баткен облусунда – 119 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 1 миң 37 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 593, Ош шаарында – 43, Чүй облусунда – 117, Ош облусунда – 94, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 32, Жалал-Абад облусунда – 83, Баткен облусунда – 59 бейтап айыгып чыкты", - дейт ал. Сутка ичинде COVID-19дан Бишкекте 5, Чүй облусунда 2, Ош облусунда бир, Жалал-Абад облусунда 2 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 675 бейтап, амбулатордук түрдө 14 миң 952 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 143 миң 668 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 120 миң 731 киши айыгып чыкса, 2 миң 133 адам каза болду.