Президенттин администрациясынын кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп жатышат. Буга чейин Садыр Жапаров Республикалык ыкчам штабка өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жакшыртуу максатында калкты эмдөө иштерин тездетүүнү тапшырган.
Президенттин Администрациясынын, Министрлер кабинетинин, министрликтер менен ведомстволордун, министрлер кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилерине кызматкерлердин эмдөө жүргүзүүнү камсыз кылуу тапшырылган.
Мындан тышкары, Президент өлкөнүн бардык жарандарын саламаттыгын сактоо үчүн аң-сезимдүүлүк менен эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Адистердин айтымында, эмдөө өзүн жана башкаларды инфекциядан сактоонун эң натыйжалуу ыкмаларынын бири.