Коронавируска каршы жалпы эмдөө жүрүп жатат. Ушул тапта республика боюнча 847 убактылуу эмдөө борбору иштеп жатат. Дарыгерлер эмдөө вирустан арылуунун башкы жолу экенин айтып, жарандарды вакцина алууга жигердүү катышууга чакырат. Белгилей кетсек, Кыргызстанга 1 миллион 250 миң өлчөмдөгү "Sinopharm" вакцинасы алынып келинген. Анын 150 миңи Кытай өкмөтү тарабынан гуманитардык жардам катары берилген.
Коронавирустун үчүнчү толкуну Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө күч алып турган убагы. Мындан улам илдеттен арылуунун башкы жолу - вируска каршы эмдөө. Адистердин айтымында, вакцина алгандан кийин үч күн колго суу тийгизбей, алкоголдук ичимдиктен алыс болуу керек.