Талас облусу боюнча учурда 100 жерде эмдөө жүрүп жатат
Новость

Талас облусунда ковидге каршы эмдөө жүргүзүү үчүн 100 жерге атайын жайлар ачылды. Анда каалоочулар эмдөөдөн өтүп жатат. Кечээ жаңы жеткирилген вакцина менен алдыда 40 миң адам эмделет. Аларды эки жолку эмдөөдөн өткөрүү үчүн 80 миң доза вакцина бар. Буга чейин облус боюнча 4500 адам эмделген.

Белгилей кетсек, Талас облусу боюнча учурда 100 жерде эмдөө жүрүп жатат. Анын 87си медициналык мекемелер болсо, калганы 7 мектеп, 2 спорт зал, 2 соода жай, 1 маданият үйү. Дарыгерлердин айтымында, буга чейин эмделген 4500 адам республиканын «Түндүк» тутумуна киргизилет. Ага катталгандар дүйнөнүн 27 өлкөсүнө эч тоскоолдуксуз чыга алат.