Учурда республикада калкты массалык эмдөө жүрүп жатат
Новость

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев эпидемиологиялык кырдаал боюнча брифинг учурунда мекендештерди COVID-19га каршы эмдөөгө чакырды.

 
Учурда республикада калкты массалык эмдөө жүрүп жатат. Мамлекеттик жана жеке медициналык мекемелерде, жалпы билим берүү, соода жана көңүл ачуу мекемелеринде, маданий жана спорт мекемелеринде жана базарларда 1 миң 747 убактылуу эмдөө борборлору жайгаштырылды. Ошондой эле көчмө эмдөө борборлору жана дарыгерлердин мобилдик топтору тартылды. «Көп жылдык тажрыйбага таянсак, эмдөө өзүн жана жакындарыңызды коргоонун 100% жолу деп ишенимдүү айта алабыз. Өз убагында эмдөөлөрдүн аркасында адамзат бир катар жугуштуу оорулардан арылды. Ушуга байланыштуу, мен бардык жарандарды COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырам», - деди ал. Ошол эле учурда жетекчинин орун басары жеке гигиена, бет кап режими жана социалдык аралык эрежелерин унутпоо керектигин белгиледи.