Кыргызстанда 2020-жылдын мартынан азыркы күнгө чейин COVID-19 менен ооруган 1 650 бала катталган.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эне жана баланы коргоо борборунун директору Гүлзат Маймерова билдирди. “Балдар чоңдор сыяктуу эле коронавирус инфекциясын жуктурушат, бирок статистика боюнча алардын арасында оору аз. Балдар COVID-19ду жеңил өткөрүшөт, алардын арасында симптомсуз жана оорунун жашыруунн формаларын алып жүрүүчүлөр бар. Мындай балдар ачык симптомдору менен ооруган чоңдорго караганда инфекцияны алып жүрүүчү болуп калышат”, - деди ал.
Маймерова белгилегендей, 2020-жылдын жаз айларында 0,8-2% оорулуу бала катталса, азыркы учурда оорулуулардын 11-14%ын түзөт.
Бишкекте – 573;
Чүй облусу – 267;
Ош облусу – 262;
Ысык-Көл облусу – 135;
Жалал-Абад облусу – 114;
Ош шаарында – 109;
Нарын облусу – 98;
Баткен облусу – 73;
Талас облусу – 19.
Бейтаптардын жаш курагы боюнча бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй:
1 жашка чейин – 263 (16%);
1 жаштан 4 жашка чейин – 512 (31%);
5 жаштан 15 жашка чейин – 685 (41,5%);
16 жаштан 18 жашка чейин – 190 (11,5%)".