Өлкөдө күндөн-күнгө вирус жуктургандардын саны өсүп, эпидемиологиялык абал курч. Акыркы бир суткада эле коронавирус дагы 1 миң 330 кишиден аныкталды. Ал эми ооруканада 4 жарым миң бейтап дарыланып жатса, алардын миңден ашыгынын абалы оор деп бааланууда. Ал ортодо Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстан COVIDдин үчүнчү толкунунун жеткен чегин билдирди.
Улуттук госпиталдын дарыгери Иса Дыйканалиев пандемия башталгандан бери нөөмөтү келген учурда "кызыл тилкеде" иштеп, бейтаптардын саламаттыгы үчүн күрөшүп келет. Айтымында, азыркы тапта илдетке чалдыгып, ооруканага келип түшкөндөрдүн саны өткөн жылдын “кара июлундагы” көрсөткүчкө жетти. Бирок вирустан коргонуучу каражаттар, дары-дармек жетиштүү болгондуктан, былтыркыдай дүрбөлөңгө түшкөн учурлар жок.
Дарыгер жөнгө салган ооруканын бул бөлүмүнүндө учурда 120 бейтап коронавирустан дарыланып жатат. Анын он экиси жандандыруу бөлүмүндө. Мында улгайган адамдардан жаштарга чейин бар.
Өлкө боюнча миңдеген ак халатчандар вируска чалдыккан бейтаптардын өмүрү үчүн күрөшүп, жумалап үй-бүлөсүн көрбөй, “кызыл тилкелерде” иштеп жатышат. Бирок жарандардын COVIDге болгон кайдыгерлик мамилеси, оорунун кайра күчөшүнө себепкер болууда. Алсак акыркы, бир жумада эле 300гө жакын медицина кызматкери илдетке чалдыкты.
Акыркы бир күндө өлкө боюнча дагы 42 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бишкек шаарында — 15, Баткен облусунда — 13, Жалал-Абад облусунда — 5, Чүй облусунда — 3, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 1, Нарын облусунда — 1. Ал эми пандемия башталгандан бери жалпы 5 миң 920 медицина кызматкери вирус жуктуруп алган болсо, алардын ичинен 5 миң 154 адам айыкты.
Ал эми акыркы бир күндө өлкөдө вирустан 763 бейтап сакыйып чыкканы менен жуктургандардын саны күнүнө миңден ашуун катталууда. Бир түндө дагы 1 миң 330 адам коронавирус жуктуруп алып, 11 бейтап көз жумду.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстан COVIDдин үчүнчү толкунунун чегине жеткенин билдирди. Бирок ага карабастан, өлкөдө орундар жетиштүү экенин айтат. Ал эми дүйнөдө коркунучтуу делген коронавирустун индиялык штаммы тездик менен тарап жатат. Бүгүнкү күндө бул түрү дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөсүнө жайылды.