Акыркы суткада COVID-19 инфекциясы дагы 1330 адамдан аныкталды. Анын көбү Бишкекке, Чүйгө, Баткен облусуна туш келет. Алсак, Борбордо коронавирус жуктургандардын саны 890, Ош шаарында 18, Чүйдө 116, Ош облусунда 41, Таласта 15, Нарында 23, Ысык-Көл облусунда 46, Жалал-Абадда 71, Баткенде 110 учур катталды. Ушуну менен өлкө боюнча жалпы 140 миң 978 жаран COVID-19ду жугузуп алган.
Ал эми республика боюнча айыккандардын саны 118 миң 771 адамды түздү. Анын 763ү акыркы суткада сакайгандар. Бүгүнкү күндө 4 миң 694 бейтап стационарларда дарыланууда.
Амбулатордук дарыланууда 14 миң 240 бейтап бар. Тилекке каршы акыркы суткада 11 киши аталган илдеттен каза болду. Ушунуу менен жалпы 2 миң 113 адам көз жумду.