Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча республиканын аймагында индиялык штаммды жуктурган учурлар катталган жок. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Ага ылайык, өлкөдөгү бейтаптардан 85,7 пайызынан британиялык жана 14,2 пайызынан түштүк африкалык штаммдар аныкталган.Республикалык штаб калкты 90 пайызга чейин эмдөө аркылуу оорунун алдын алууга жана жеңил өткөрүүгө болорун билдирди. Учурда өлкөдө 130 миңге жакын киши вакцина алды. Апрель айында министрлик Кыргызстанда коронавирустун "британиялык", "индиялык", "түштүк африкалык" жана "россиялык" штаммдары жүргөнүн айткан болчу. Анализдердин жыйынтыгы Новосибирскидеги лабораториядан чыкканын белгилешкен. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму SARS-CoV-2нин төрт түрүн "тынчсыздандыруучу" тизмеге киргизген: альфа Британиялык, бета Түштүк Африкалык, гамма Бразилиялык жана дельта Индиялык. Эксперттердин айтымында, акыркысы Ухандан чыккан вирустан да эки эсе коркунучтуу, ал дагы мутацияланып жатат. Жакында эле анын дельта-плюс түрү пайда болгон. Индиялык штамм дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөсүндө жайылган. Ал кишиге бат жугуп, ооруну тез козгоп, абалды кыйындатканы менен белгилүү.