Кыргызстанда 8-июлга карата коронавирус дагы 1 238 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.
Анын билдирүүсүндө, акыркы бир күндө илдеттен Бишкекте 6, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болду. Ал эми бир суткада 757 адам илдеттен сакайды.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 525 бейтап, амбулатордук түрдө 12 506 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 135 миң 739 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 115 миң 513 киши айыгып чыкса, 2 миң 73 адам каза болду.