Жалал-Абад шаарында жаштар коронавирус инфекциясынын алдын алуу максатында флешмоб өткөрдү.
Иш-чаранын алкагында жаштардан турган топ, Жалал-Абад шаарынын борбордук базарын, шаар көчөлөрүн жана коомдук жайларды кыдырып, бет кап тагынуу, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо боюнча эскертмелерди жана оору боюнча маалымат баракчаларды таратышты.
Флешмоб жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулуп, аны Улуттук Кызыл Ай коому да колдоого алган. Алдыда COVID-19 илдетинин алдын алуу, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери улантылат.