Кыргызстанда 6-июлга карата коронавирус дагы 1233 адамдан катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында - 789, Ош шаарында - 44, Чүй облусу – 139, Ош облусу - 32, Талас облусунда - 9, Нарын облусунда - 13, Ысык-Көл облусунда – 35, Жалал-Абад облусунда – 89, Баткен облусунда - 87 адамдан илдет аныкталган.
Ал эми бир суткада 763 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкекте – 410, Ош шаарында – 83, Чүй облусунда – 94,Ош облусунда – 55, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 16, Жалал-Абад облусунда – 63, Баткен облусунда – 25 бейтап оорудан айыгып чыкты.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 4, Баткенде 1 жана Ысык-Көл облусунда 3 бейтап каза болгон.