Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Европада футбол боюнча чемпионат өтүп жатканына байланыштуу вирус күч ала баштаганын эскертип, тынчсыздануусун билдирди. Соңку аптада эле футбол күйөрмандарынан коронавирустун жаңы штаммы табылганы аныкталды. Ошондой эле ооруканага кайрылган бейтаптардын саны көбөйгөнү маалымдалат.
Эки жарым ай тыныгуудан кийин Европада кайрадан коронавирустук инфекциянын саны көбөйүүдө. Кооптуу статистиканы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирет. Уюмдун Европалык аймактык кеңсесинин башчысы Европа чемпионатынын уюштуруучуларын жарым финал жана финалды өткөрүүдө бир топ тобокелдиктер бар экенин билдирип сынга алды. Лондон, Копенгаген жана Санкт-Петербургдагы болуп өткөн мурунку оюндардан кайтып келген жүздөгөн көрүүчүдөн COVID-19дун жаңы штаммы табылган.
Европада эмдөө жетиштүү жүрбөй жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча аймакта ал болгону 24 пайызды гана камтыйт. Ошол эле учурда улгайган адамдардын жарымы жана медициналык кызматкерлердин 40 пайызы иммундаштырыла элек. Адистер күзүндө Европа өлкөлөрүндө пандемиянын жаңы толкуну каптап кетүү коркунучу бар экенин эскертишет.