Бишкекте COVID-19 менен ооругандар үчүн 218 бош орун бар
Новость KTRK/videograp

Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. 

Анын маалыматы боюнча, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада – 4 орун, №2 клиникалык төрөт үйүндө – 28 орун, Чүй облустук бириккен оорунканасында – 3 орун, Улуттук госпиталда – 10 орун, Республикалык наркологиялык борборунда – 23 орун, Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасында - 10 орун, Курортология жана калыбына келтирүү институтунда – 38 орун, Улуттук госпиталдын терапия бөлүмүндө – 3 орун, Дайыр Асанов атындагы кыргыз улуттук аскер лицейинде - 99 орун бар.