Ушул аптада Кыргызстанга Кытайдан 1,2 миллион өлчөмдөгү Sinopharm вакцинасы алып келинет
Новость www

Ушул аптанын аягына чейин Кыргызстанга Кытайдан 1,2 миллион өлчөмдөгү Sinopharm вакцинасы алып келинет. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин министрлер кабинети Кытайдан 1 миллион дозадан ашуун Sinopharm сатып алганы жана анын атайын чартердик каттам менен жеткирилери айтылган. Ушул эле борт менен Кытай тарабынан акысыз негизде берилген 150 миң өлчөм вакцина да алып келинери күтүлүүдө.